Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Бин Ладендин өлүмү Кыргызстанда да талкууланууда


Америкалыктар бин Ладендин өлүмү тууралуу кабарды ушундай шаттануу менен тосуп алышты. Нью-Йорк, 2-май, 2011-жыл
Америкалыктар бин Ладендин өлүмү тууралуу кабарды ушундай шаттануу менен тосуп алышты. Нью-Йорк, 2-май, 2011-жыл

Дүйнөдө №1 террорчу аталган Усама бин Ладендин жок кылынышы кыргыз коомунда ар түркүн ой-пикирлерди жаратууда.

Усаманын аты дүйнөгө дүң тараган 2001-жылы сентябрда АКШ террорчулук очогун жок кылабыз деп Ооганстанда аскерий операцияларын баштап, Кыргызстанда өз аскерий базасын ачкан.

Дыкат операциянын үзүрү

Усама бин Ладендин тагдырын Кыргызстанда негизинен дүйнөлүк окуяларга такай көз салган серепчилер жана талдоочулар талкууга алышууда.

Кыргыз парламентиндеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, атайын кызматтарды жетектеп келген генерал Токон Мамытов Усама бин Ладендин жок кылынышы өтө дыкат камдалган операциянын үзүрү
деп эсептейт.

- Бул техниканын жетишкендигин белгилейт. Учкучу жок учак менен аны табуу жеңил эмес, өтө оор операция. Он жылдан бери жүрүп, акыры кармап отурат.

Ирактыктар Усама бин Ладендин өлүмү тууралуу тасманы көрүп жатышат. 2-май
Президенттин аппаратынын стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев Усама бин Ладен жетектеген “ал-Кайида” уюму өтө өнүккөн жана чырмалышкан террорчул уюм экенин талдап берди.

- Башта терроризм мамлекеттерден гана көз каранды болчу.

Терроризмдин мамлекеттерден көз каранды болгондугу таалуу жери экен деп, бин Ладен террорчул уюмдардын көз карандысыздык каржылоо жолун ачып берди. Бул мамлекеттердин жана ар кайсы мамлекеттердеги бай адамдардын, кайрымдуулук фонддордун терроризмди каржылоо айласын тапкан. Анын үстүнө мыйзамдуу фирмаларды, компанияларды түзүп койгон. Алар кадимкидей продукция чыгарып иштей берет.


Бирок Орозбек Молдалиевдин оюнча, башкы идеологдун жок кылынышы террорчул уюмдардын ишмердүүлүгүн басаңдатпайт.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов да Усама бин Ладен эбак эле “ал-Кайиданын” жетекчиси эмес, тек гана идеологу гана болуп келгенин айтты.

Кыргызстанга таасири

Депутат Токон Мамытов бул окуя Борбор Азиядагы кырдаалга таасир этпейт деп эсептейт. Анын айтымында, “ал-Кайида” уюмунун бутасы Батыш өлкөлөрү жана АКШ болгондуктан “ал-Кайида” дал ошол жакка жаңы чабуулдарды камдашы ыктымал.

- “Ал-Кайиданын” Кыргызстанда таасири болот деп айта албайбыз. Бул негизинен Америкага, Батыш өлкөлөрүнө жаңы сокку даярдашы мүмкүн, жооп катары.

Усама бин Ладендин өлүмү тууралуу кабарды уккан жаштар. 2-май
Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов да Усама бин Ладендин жок кылынышы Кыргызстанга кирүүнү каалаган террорчул уюмдарга таасири болбойт деген пикирде. Бирок Ниязов “ал-Кайиданы” эми өз ичинен ыдырашы мүмкүн экендигин айтууда.

- Эми анын Кыргызстанга таасири болобу же болбойбу эч ким айта албайт. Бирок “ал-Кайида” эми ичинен бөлүнүп кетиши мүмкүн.

Теолог Данияр Мурадилов болсо Усама бин Ладендин жок кылынышы кийинки жылы АКШда өтө турган президенттик шайлоого утурлай жасалган PR (пиар) өнөктүк болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул ойго “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов да кошулат.

- АКШда президенттик шайлоолор жакындап келатат. Анын үстүнө Барак Обама эки апта мурдарак ага катышарын билдирген. Ошондон улам чындап эле бул операция жүргүзүлгөн жана Усама бин Ладен өлгөн болушу керек деп ойлоого болот. Бул балким саясий упай алуудагы курмандык болду.

Усама бин Ладендин өлгөнүнөн күмөн санагандар бар

Ал ортодо Усама бин Ладендин чындап эле жок кылынганынан күмөн санаган кыргызстандыктар да жок эмес.

Замир: Мунун чын төгүнүнө жетүү үчүн балким убакыт керек болот. Ал чын эле жок болдубу же жокпу, али күмөн. Убакыт көрсөтөт.

Рахманберди: Усама бин Ладенди эми биз көргөнүбүз жок. Ал адамга жалаа жабылып жатат. Анын кандай экендигин бир Алла билет. Ал эми исламдын терроризм менен байланышы бар деп айтууга эч кандай негиз жок.

Ишенкул: Терроризм бин Ладендин кармалышы менен эле токтоп калбайт. Бин Ладенге чейин эле болуп жаткан да.

Абдыкерим: Бул жерде аябай чоң саясат ойнойт экен. Бин Ладендин терроризмге тиешеси барбы же жокпу билбейм. Ал эми диндин терроризмге байланышы жок.

Айжамал: Бир кишини кармаган менен эле терроризм токтоп калбайт го. Андан башкалары да бар. Оң кол, сол колдору бар дегендей. Муну менен эле терроризмдин тамыры кыркылбайт.

АКШ Усама бен Ладенди 2001-жылы Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборуна жасалган чабуулдун ана башында турган деп айыптап келген.

Тасмада: Террорчулуктун тамырын кыркуу мүмкүнбү?

Бишкек шаарынын айрым тургундары террорчулук тууралуу пикирлери менен бөлүштү. MiT

Террорчулуктун тамырын кыркуу мүмкүнбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG