Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

"Ал-Кайида" лидерсиз калды


Усама бин Ладен жашынып жаткан там. Абботтабад шаары. 2-май, 2011
Усама бин Ладен жашынып жаткан там. Абботтабад шаары. 2-май, 2011

2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттардагы террордук чабуулдардын уюштуруучусу Усама бин Ладен жок кылынды.

10 жылдай мурдагы террордук чабуулдан 3 миңдей адам набыт болгон. “Ал-Кайида” уюмунун негиздөөчүсү жана лидери 1-майда Пакистанда өткөрүлгөн операция маалында өлтүрүлгөнүн АКШ президенти Барак Обама маалымдады.

"Ал-Кайиданын" ана башы өлүмүн Пакистанда тапты

2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террордук чабуулдар Усама бин Ладендин ысмын дүйнөгө таанытып, ал баштаган исламчыл согушчандардын жихады - XXI кылымдын күн тартибиндеги дүйнөлүк маселеге айланган эле.

Усама бин Ладендин Интернетте пайда болгон эки сүрөтү. Пакистан сыналгысы бин Ладендин өлгөндөн кийинки береги сүрөтү тастыкталбаганын билдирди.
“Ал-Кайиданын” ана башы Усама бин Ладен Исламабаддан 60 чакырымдай түндүктөгү Абботтабад шаарындагы түнөк жайында жок кылынганын 1-майда түн ортосуна чукул АКШ президенти Барак Обама жарыя кылды:

- Мен ушу түнү америкалыктарга жана бүтүн дүйнөгө кабарлай алам: Кошмо Штаттар өткөргөн операция кезинде “ал-Кайиданын” лидери, миңдеген бейкүнөө эркек-аялдарды жана балдарды өлтүрүүгө жооптуу террорчу Усама бин Ладен жок кылынды.

Бин Ладенди Батышта шайтан кейпиндеги адам катары көрүшчү. Мусулман дүйнөсүндө аны “алкайидачылардын” чабуулдарынан набыт болгон миңдеген бейкүнөө адамдардын, анын ичинде мусулмандардын өлүмү үчүн жооптуу деп билишкен.

Мусулмандар бин Ладенди салафит жихадчылардын кандуу чабуулдарын актоо үчүн мусулман динине жамынып, исламды жек көрүндү кылууда деп да сындашкан. Анткен менен бин Ладенди пир туткан кээ бир мусулмандар анын АКШ жана Араб өкмөттөрүн кафир деп атап, аларга каршы жарыялаган түбөлүк жихадын колдошкон.

АКШ президенти Барак Обама, 1-май, 2011-жыл
Президент Барак Обаманын сөзүнчө, былтыр августта чалгындоо кызматтары бин Ладендин болжолдуу жашынган жерин аныкташып, ошондон тарта анын сары изине чөп салып, аңдый баштаган. Өткөн аптада “ал-Кайиданын” лидерин кармоого буйрук берилген. Операцияны 1-майда АКШлык аскерлердин чакан тобу тикучарлардын жардамы менен ишке ашырган. Маалыматтарга караганда, аткылашуу учурунда бин Ладен каршылык көрсөтүп, бир уулу менен кошо жок кылынган.

Обаманын айтымында, карапайым эл арасында жана аскерлерде чыгым болгон эмес.

Бин Ладен Абботтабадагы Пакистандын аскерий академиясынан алыс эмес жердеги эки кабат тамда жашынып жаткан экен.

Президент Обама өз кайрылуусунда Пакистандын коопсуздук кызматы “бин Ладенди табууга” көмөктөшкөнүн белгилеп, президент Асиф Али Зардариге алкыш айтты. Ошондой эле Кошмо Штаттар эч качан Исламга каршы согушпаганын баса белгиледи:

- АКШ эч качан исламга каршы согушпаганын жана согуш жүргүзбөгөнүн биз кайра эске салабыз. Мен 11-сентябрдан кийин президент Буш айткандай эле биз исламга каршы согушпаганыбызды ачык билдиргем. Бин Ладен мусулман лидери болгон эмес. Ал мусулмандары массалык түрдө өлтүргөн. “Ал-Кайида” мусулмандарды көптөгөн өлкөлөрдө, ошондой эле өз мекенинде өлтүрдү. Ошондуктан анын өлүмүн тынчтыкка ишенген жана адамзаттын насил-наркын сыйлаган адамдар колдошот.

Усама бин Ладен 1957-жылы Саудиянын эр-Рияд шаарында бай адамдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Мухаммед бин Ладендин онунчу аялынын баласы

Ал Мухаммед бин Ладен онунчу аялынан көргөн жалгыз бала болгон жана бай вахабийлердин салты боюнча элиталык ал-Тагар мектебинен окуп, кийин падыша Абулазиз атындагы университетти “экономика жана бизнес администрация” адистиги боюнча аяктайт.

Бин Ладен 1979-жылы палестиналык динитячы Абдулла Азам кошулуп, Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы күрөшкө садага-акча, ыктыярдууларды жана курал-жарак чогултууга көмөктөшөт.

Усама бин Ладен, 1998-жыл
Бул жылдары Пакистандын түштүк батышындагы Пешавар шаарында бир аз убакыт жашайт. 1984-жылы ал экөө "Хадамат мектеби" деп аталган группаны негиздешет. 1988-жылы Хадаматтан бөлүнүп, өзүнчө “ал-Кайида” кыймылын түптөйт.

1990-жылы Саддам Хусейндин аскерлери Кувейтке басып кирип, Саудияга коркунуч туулганда, өз желдеттери менен мекенин коргоону сунуш кылып, бирок анысы четке кагылат. Ирак аскерлери Кувейттен АКШнын жардамы менен айдалып чыгып, Саудия АКШ күчтөрүн өз аймагына жайгаштырган соң падышалыкты Вашингтондун кол баласы деп жарыялайт.

1990-жылы бин Ладен Батыш менен Саудияга каршы ачык согуш баштайт да АКШнын өзүндө жана чет өлкөлөрдө америкалыктарга чабуул жасоого өтөт.

1992-жылы Судандан баш паанек таап, бирок Саудия, Египет, АКШ кысымы алдында өлкөдөн куулгандан кийин 1996-жылы Ооганстанга көчүп, талиптер менен коюн-колтук иштешип калат. Аларга Ооганстанда орто кылымдык исламды орнотууга акчалай жана аскерий жактан жардам берет. Алкыш ирети талиптер Кандагарда террорчуларды машыктыруучу лагерди ачканга уруксат беришет.

АКШдагы ири террордук чабуул, 11-сентябрь, 2001-жыл
Бин Ладен жүргүзгөн эң ири операцияларга гана токтолсок, 1998-жылы Кения менен Танзаниядагы АКШ элчилигин бомбалоодон 224 адамдын өмүрү зобун болгон. 2000-жылы октябрда Йемендин Аден портунда АКШнын кемесине жанкечтилердин кол салуусун уюштуруп, америкалык 17 аскер набыт болот.

“Ал-Кайиданын” ана башы 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода Борборуна, Вашингтон шаарындагы АКШ Коргоо министрлигинин имаратына жана Пенсильвания штаттарындагы террордук аба чабуулдарды уюштурганын үч жылдан кийин ачык мойнуна алган. Бул чабуулдар мусулман согушчандарын жандандырып, мусулман дүйнөсү менен Батыш дүйнөсү арасындагы же “цивилизациялар арасындагы” тирешке жик салат.

Талиптердин 11-сентябрь кыйраканына байланыштуу бин Ладенди берүүдөн баш тартуусу 2001-жылы күздө НАТО башындагы күчтөрдүн Ооганстанга Улуттар уюмунун мандаты менен кирүүсүнө түрткү болот. Бин Ладендин башына Вашингтон 25 миллион доллар сыйлык жарыяласа да, “ал-Кайиданын” ана башы кармалбай жүргөн.

АКШ жана НАТОнун Ооганстандагы жана Ирактагы согушун мурдагы президент Жорж Буш терроризмге каршы глобалдык согуш деп жарыялаган. Деген менен, 2003-жылы апрелде Саддам Хусейн бийликтен кулатылганга чейин “ал-Каиданын” согушчандарынын Иракта бар экени аныкталбаган.

XS
SM
MD
LG