Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

'АЛ-КАИДА' АКШга КАРШЫ ЖАҢЫ ТЕРРОР АРАКЕТТЕРИН ДАЯРДАП ЖАТЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага АКШ коопсуздук кызматтарынын айтымында, "ал-Каида" террордук уюму Америкага каршы жаңы террор аракеттерин даярдап жатат деген маалыматтар бар. Анткен менен андай чабуул качан жана кайсы жерде болоору белгисиз.

Бул маселе боюнча АКШдагы коопсуздук маселелерине тийешеси бар 16 мамлекеттик уюм 17-июлда биргелешкен отчет жарыялады. Анын урунттуу жерлери менен журналисттерди Вашингтон шаарында ошол эле 17-июлда ички коопсуздук маселелери боюнча президенттин кеңешчиси Фрэнсис Таунсенд тааныштырды:

"2001-жылдын 11-сентябрында жасалган чабуулдардан кийин 'ал-Каиданын' жетекчилиги менен байланышы бар болгон АКШда аз эле адам кармалганы менен, бул отчетту даярдоо учурунда - 'ал-Каиданын' адамдары Америкадагы иштерин күчөтүп жатканы аныкталды. Аны менен байланыштуу бул отчетто - АКШдагы азыркы абал бир кыйла опурталдуу экени жөнүндө жыйынтык чыгарылат", - деди Таунсенд.

Бирок, анын айтымында, кайсы жерде жана качан жаңы террор аракеттери уюштурулуп, ишке ашырылышы мүмкүн экени тууралуу так маалымат жок, ошондуктан жалпы өлкө боюнча даярдык чараларын көрүү боюнча дагы эч чечим кабыл алына элек.

Анткен менен, чалгындоо кызматтарынын билдиргенине караганда, АКШга каршы даярдалып жаткан аракеттерге Иракта иш жүргүзгөн террордук уюмдар тартылышы мүмкүн: "Отчетто айтылгандай, АКШга каршы террордук аракет уюштуруу үчүн 'ал-Каида' жергиликтүү террордук уюмдардын бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга аракеттенет. Алардын ичинде - 'Ирактагы ал-Каида' деген уюм биринчи мааниге ээ, террорчулар ошонун күчүн жана аны менен болгон байланыштарды түрткү катары колдонушу мүмкүн. Бардык башка уюмдардын ичинен 'Ирактагы ал-Каида' АКШга каршы чара көрө турганы жөнүндө ачык айткан", - деп билдирди Таунсенд.

Анын айтымында, "ал-Каида" азыр өзөктүк же башка кеңири кыруучу куралга ээ болууга да аракеттенип жатат жана андай курал колуна тийсе, аны колдонуудан баш тартпайт.

Аны менен катар америкалык коопсуздук кызматтарын Пакистанда түзүлгөн абал дагы өтө тынчсыздандырат. 2001-жылы кошуна Ооганстанда Талибан кыймылынын бийлиги талкалангандан кийин, талибдердин калдыктары Пакистанга качып, эмгиче эки өлкө ортсундагы тоолордо жашынганы белгилүү.

Өткөн жылы болсо Пакистандын жетекчилиги андай талибдердин калдыктарына өз аймагында баш калка берген уруулардын башчылары менен келишим түзгөн, бирок дал ошондон кийин террорчулар күч алып, эми жаңы чабуулдарды уюштурууга жөндөмдүү болуп баратат. Ошондуктан, Таунсенддин айтымында, Пакистан президенти Первез Мушаррафтын андай саясаты ката болгон.

Анткен менен, ал-Каида баары бир азыр мурдагыдай күчтүү эмес: "Ал-Каида' кайрадан күчтөнүп, кайрадан коркунуч түзө баштаганына карабастан, ал азыр мурдагыдай деңгээлге жете элек жана анын эң биринчи себеби - беш жарым жылдын ичинде биз ага каршы катуу чара көрүп жатканыбызда. Андан тышкары, 'ал-Каида' канчалык күчтөнсө дагы, АКШ өкмөтү дагы убакытты текке кетирген жок, биз дагы тийиштүү даярдыктан өттүк" - деди президенттин кеңешчиси Таунсенд.

Жакында АКШ өкмөтү - "ал-Каиданын" башчысы Усама бин Ладенди кимде ким кармап берсе, же ал кай жерде жашынганы тууралуу так маалымат берсе, ага 50 миллион доллар төлөнө турганын жарыялады. Ага чейин бин Ладендин башы 25 миллион долларга бааланып келген.

XS
SM
MD
LG