Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстанда көмүр маселеси чечиле баштады. Кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, ноябрь айынын аягына чейин Казакстандан 100 миң тонна көмүр ташылып келет.

- Акыркы маалымат боюнча, көмүр келе баштады. Кечээ алгачкы алты, бүгүн тогуз вагон келди. Азыр дагы 25 вагон кыргыз-казак чек арасындагы “Луговое” станциясына келип калды. Ушул айдын аягына чейин 100 миң тонна келет.

Кыш түшө электе эле Бишкекте көмүрдүн баасы төрт миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганы менен байланыштырууда. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG