Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:24

Паттон: Саиповго мамилебиз биздин ким экенибизди көрсөтөт


Шектүү Саиповдун сот залынан колго тартылган сүрөтү

Нью-Йорктогу терактка шектелген Саиповдун адвокаты Девид Паттон кардарынын "оорусу катуу" болгондуктан медициналык жардам алышы керектигин айтты. Ошондой эле тийиштүү мамиле жасалышы керектигин белгиледи.

- Бул ишке абдан чоң көңүл бурулуп турганын, алдыда дагы буруларын эске алганда, мен соттук жараяндын жүрүшүнө мүмкүнчүлүк берилет деп үмүттөнөм. Азыркы иште бул абдан маанилүү. Бул сот жараянда Саипов мырзага кандай мамиле кылганыбыз анын эмес, биздин ким экенибизди көбүрөөк көргөзөт, - деди адвокат.

Полиция шектүүнү кармоо учурунда ичке атып жарадар кылган. Ал 1-ноябрда сот залына майыптар арабасында, колу кишенделген калыпта алынып келинген. Сотто ага орус тилинде котормочу жардам берип атты.

Нью-Йоркто​ сегиз адамды өлтүрүп, 12 кишини жарадар кылууга шектелген Сайфулло Саиповду прокурорлор "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна шыктанган деп, терроризм боюнча айып тагышкан. Прокурорлор ошондой эле Саипов өзү жаткан палатага ИМ тобунун желегин алып келүүнү талап кылганын, жасаган ишине өкүнбөсүн айтышкан. АКШ президенти Дональд Трамп шектүүнүн жоруктарынан улам ага "өлүм жазасы берилиши керектигин" Твиттерге жазды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG