Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Орусиядагы ыңкылаптардын 100 жылдыгына арналган жыйын


Өктөбүрдүн 90 жылдыгын белгилөө маалында. Бишкек. 07.11.2007.
Өктөбүрдүн 90 жылдыгын белгилөө маалында. Бишкек. 07.11.2007.

Жума күнү (3-ноябрда) Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында 1917-жылдагы Октябрь социалисттик ыңкылабынын 100 жылдыгына арналган “Октябрь революциясы: мезгил чакырыгы жана тарыхый эс-тутум” деген аталыштагы эл аралык илимий жыйын өткөрүлмөкчү.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында саат 09:30да баштала турган бул жыйынга Орусия, Франция жана Кыргызстандын тарыхчы окумуштууларынан тышкары Казакстан менен Өзбекстандан да илимпоздор чакырылган.

Жыйынды уюштуруучулардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу Тарых жана маданий мурас институту, Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз институту (жетекчиси Катрин Пужоль), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети ж.б. бар.

Ачылыш аземинен соң 5 бөлүмдө иш алып бара турган жыйын маалында “Кыргызстандын тарыхы” 3 томдук китебин калайыкка тааныштыруу жөрөлгөсү да өткөрүлмөкчү.

1917-жылдагы Февраль ыңкылабына В.Лениндин тийешеси болбогондугу тууралуу азил сүрөт.
1917-жылдагы Февраль ыңкылабына В.Лениндин тийешеси болбогондугу тууралуу азил сүрөт.

Бишкектеги илимий жыйында 1917-жылдагы Февраль ыңкылабынын тарыхый орду жөнүндө да жаңы баалар тастыкталаары күтүлүп жатат.

Жаңы көз карашты туткан пост-советтик кыргыз тарыхчылары 1917-жылдагы Февраль ыңкылабынын тарыхына жана анын Алексанр Керенский сыяктуу лидерлеринин ролуна большевиктер жана советтик изилдөөчүлөр мурда берген жана атайылап төмөндөтүлгөн эски бааны четке кагып, көп партиялуу, либералдык коомду куруу багыты көп этностуу Орусияда 1917-жылдын февралындагы (григорийлик жылсанак боюнча – 1917-жылдын март айындагы) дал ушул окуялардан башат алгандыгын баса белгилешүүдө.

Үстүбүздөгү жылы кыргыз жана казак тарыхчылары Алаш Ордо жана Түркстан автономиясы сыяктуу демократиялык автономиялык мамлекеттердин негизделгендигинин 100 жылдыгын да белгилешет.

Быйыл июнда Алматы шаарында эки өлкөнүн тарыхчылары Алаш Ордонун 100 жылдыгына арналган илимий жыйын өткөрүшкөн жана анда Алаш Ордону уюштурууга казак, башкыр саясатчыларынан тышкары Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев) сыяктуу кыргыз айдыңдары да жандуу катышкандыгы баяндалган.

Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия 100 жыл мурдагы бул тарыхый окуялардын мааракелерине арналган илимий жыйындарды жана башка чараларды үстүбүздөгү жылы өткөрүү тууралуу атайын чечим кабыл алган.

(TT)

XS
SM
MD
LG