Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Баткенде "Демилгелер жармаңкеси" болуп өттү


Күнөскана
Күнөскана

Жармаңкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын жаштары кызматташтык жолдорун талкуулашты. Иш-чара жаш ишкерлерге өнөктөш табууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп берди.

Жармаңкеге эки тараптан ишкер чөйрөдө төбөсү көрүнгөн белгилүү ишкерлер ийгилик сырлары менен бөлүшүп, жаштардын суроолоруна жооп беришти.

Youth of Osh коомдук уюмунун "Бизнес клуб - Баткен" долбоору былтыр октябрдан бери иштеп келе жатат. Аталган долбоорго 300дөн ашуун бизнес идеялар келип түшүп, 29у 8 160 000 сом каржылык колдоо тапкан.

Бул долбоор аймактагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүнү, чектеш аймактардагы кызматташууларды көбөйтүү менен кыргыз-тажик элдеринин ынтымагын арттырууну максат кылат.(JsA)

XS
SM
MD
LG