“Народный” соода түйүнүнүн бригада башчысы Жовид Абдуллоев алардын 14ү Боткин ооруканасында, 15 киши үйүндө дарыланып жатканын билдирди.
Анын айтымында, дүкөндүн жумушчулары мөөнөтү өтүп кеткен гречкадан жасалган тамактан ууланышкан. “Жоготуулар жок. “Народный” соода түйүнүндө 500дөн ашуун тажик мигрант иштейт”, - деди Абдуллоев.
Маалыматтарга караганда, мигранттар соода түйүндөгү ашканада ууланган. Айрым жумушчулар жетекчилик эгер ооруканага кайрылса, иштен бошотуларын эскерткенин айтышууда.