Жогорку Кеӊеште Кылмыш-жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул өзгөртүүлөрдө жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга жазаны катаалдаштыруу жазылган.
Мыйзам долбоорун депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Мирлан Жээнчороев, Эмил Токтошев, Жанар Акаев иштеп чыгышкан. Демилгечилердин билдиришинче, балдарга күч колдонуу фактысы жылдан-жылга көбөйүп, бачабаздык өсүп жатат. Жеткинчиктерге зомбулук көрсөткөн адамдардын аракеттерин талдоо мындай учурлар көбүнчө туугандары тарабынан жасаларын көрсөттү. Ошол эле маалда жазык мыйзамдарында бул өңдүү кылмыштардын айрым түрлөрүнө негизсиз жеңил жазалар берилип калууда:
- Ушуга байланыштуу балдарга күч колдонгондорго санкцияларды күчөтүү зарылдыгы жаралууда. Тактап айтканда, жашы жете электерди, балдарды зордуктагандарга катаал санкция берүү керек, – деди депутат Аида Салянова.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту дагы педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү кубаттай турганын билдирген. Буга чейин парламентти аталган мыйзам долбоорун колдоого чакырган. (NT)