Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

ӨКМ: канализация казуудагы кырсыкка эреже бузуу себеп болгон

Каза тапкандардын сөөгүн чыгаруу иштери.
Каза тапкандардын сөөгүн чыгаруу иштери.

Ош облусунда 2-ноябрда болгон окуядан эки киши каза болуп, бирөө жеңил жаракат алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош шаарынын Памир көчөсүндө жайгашкан №65 үйдүн дубалы кулап, үч адамды басып калган. Кырсык алар ошол жерде жергиликтүү тургундардын буйрутмасы менен канализация казып жаткан кезде болгон. Экөө жеринде каза болуп, бирөө аман-эсен чыгарылган. 

Аталган мекеме билдиргендей, канализация казуу учурунда коопсуздук жана курулуш эрежелери сакталган эмес. Маркумдар жерди беш метрге чейин казып, астына кирип кетишкен. 

XS
SM
MD
LG