Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Актан Арым Кубат АКШдагы фестивалда "Мыкты актер" аталды


Садык Шер-Нияз Фейсбукка койгон сүрөт
Садык Шер-Нияз Фейсбукка койгон сүрөт

АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн Аsian World Film Festival (AWFF) иш-чарасында кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат "Мыкты актер" аталып, сыйлык алды. Бул тууралуу аталган фестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз 3-ноябрда Фейсбукка жазды. Башка жеңүүчүлөр тууралуу азырынча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Аsian World Film Festival Азия өлкөлөрүндөгү мыкты фильмдерди эл аралык аренага алып чыгуу, Азия жана Голливуд кино өндүрүшүнүн өкүлдөрүнүн кызматташуусун арттыруу максатын көздөйт. Фестивалда Түркиядан Жапонияга чейинки, Орусиядан Индияга чейинки 30га жакын өлкөдөн 33 фильм көрсөтүлдү.

Кинофестивалдын калыстар тобунун курамында белгилүү кино ишмерлери, Оскар сыйлыгынын ээлери Дэвид Сайдлер, Бобби Мореско, Владимир Меньшов, Жан-Марк Валле, ошондой эле Люси Лью, Стивен Сигал, Филипп Мартинез жана башкалар бар.

Садык Шер-Нияз негиздеп, 2015-жылдан бери жыл сайын өтүп жаткан фестивалдын статуэткасы илбирс, анын автору кыргызстандык скульптор Нурлан Кебек уулу.

Фестиваль 25-октябрда башталып, 2-ноябрда жыйынтыкталды.

Лос-Анжелестеги кинофестивалдын алкагында Кыргыз кино күндөрү да өтөрү кабарланган. Анда кыргызстандык кинорежиссерлор Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” жана башка фильмдери коюлат.

XS
SM
MD
LG