Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

Бүгүн Бишкекте казак элчилигинин жанында кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Аны “Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресс” уюму уюштурду. Ага 40ка жакын адам катышты.

Уюмдун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Еревандагы сөзүн “негизсиз актануу” деп атап, Казакстан ЕАЭБ макулдашууларын одоно бузуп жатат, эгерде казак тарап жарандардын эркин өтүүсүнө тоскоолдуктарын токтотпосо бул өлкөгө карата экономикалык санкция киргизүү талабы менен эл аралык уюмдарга кайрылышарын билдирди.

Ошону менен катар бүгүнкү пикеттин катышуучулары “5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, ЕАЭБ курамынан чыгуу талабы менен чыгууга мажбур болобуз” деп билдиришти.

Акциянын катышуучуларына элчиликтин кызматкерлери чыгып, чек арадагы абал боюнча өз позициясын чагылдырган жазуу материалдарын таратышты, бирок сүйлөшүүгө барышкан жок.

Ал материалдарда Кыргызстан чек арада аткезчиликке жол берип жатканы, казак тараптын текшерүүнү күчөтүү аракеттери негиздүү экени айтылат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG