Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:44

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн 15-октябрдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Атамбаев Жээнбековду президенттик кызматка шайланышы менен куттуктады.

Ошондой эле ачык жана демократиялык негизде өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековго кыргызстандыктардын жогорку ишенимин жана чоң үмүтүн көрсөтүп турарын белгиледи.

Жолугушууда ички жана тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер талкууланды.

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялап, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков добуштардын 54,22 пайызын алып, жеңип чыкканын билдирген. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG