Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын авиациясы машыгуу өткөрүштү

Кошмо Штаттардын  B-52 бомбалоочу учагы.
Кошмо Штаттардын B-52 бомбалоочу учагы.

Вашингтон, Токио жана Сеул Түштүк Кореянын аба майданында 3-ноябрда биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүштү. Бул иш-чара АКШ президенти Дональд Трамптын аймакка жасала турган сапарын утурлай уюштурулду.

Америка президенти 4-ноябрда баштала турган сапарында Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге барары күтүлүүдө. 

Сапардын максаты - Түндүк Кореянын бийлигин ядролук арсеналынан баш тартууга мажбурлай турган экономикалык чектөөлөрдү катаалдатууну күчөтүү. Бул тууралуу Вашингтондо өткөн брифингде Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Герберт Макмастер билдирди.

Машыгууга АКШнын эки стратегиялык бомбалоочу учактары да тартылды. 

XS
SM
MD
LG