4-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 7...12;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 7...12;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14;
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3;
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7 …9°, күндүзгү жогорку температурасы 10…12°.