Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Лукашенко менен Порошенко Абу-Дабиде жолугушту


Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Украинанын лидери Петро Порошенко Бириккен Араб Эмирликтеринин баш калаасында жолугушту.
Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Украинанын лидери Петро Порошенко Бириккен Араб Эмирликтеринин баш калаасында жолугушту.

Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Украинанын лидери Петро Порошенко Бириккен Араб Эмирликтеринин баш калаасында жолугушту. Президенттер саясий жана экономикалык багыттагы эки тараптуу алакаларды талкуулашты.

Лукашенко Минск бир туурган мамлекет менен мурда келишилген курсту кармарын билдирди. Ал ошондой эле Киевде июль айында берген убадаларын аткарганын билдирди.

Анда Беларустун лидери Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жайгарууга жардам көрсөтөрүн убада кылган.

2015-жылы Минск украин кризисин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, аны Украина, Орусия, Германия жана Франция лидерлери колдошкон. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында атайын макулдашуу кабыл алынган.

2014-жылы Украинанын чыгышында башталган орусиялык козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы жаңжал кеминде 10 миңдей адамдын өмүрүн алды. Куралдуу кагылышуулар Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин башталган. Москва орусиячыл козголоңчуларга колдоо көрсөткөнүн моюнуна албай келет.

XS
SM
MD
LG