Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Дональд Трамптын Азия сапары жума күнү башталды


АКШ президенти Доналд Трамп
АКШ президенти Доналд Трамп

3-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамптын Азияга сапары башталды. Ал 10 күн ичинде континенттеги беш өлкөгө барат. Бул соңку 25 жыл ичинде америкалык лидердин Азияга эң узак сапары болуп калмакчы. Жума күнү Трамп Гавайиге токтоп, анан Жапонияга жол тартат.

АКШ президенти андан соң Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге барат.

Бул визиттин жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы - Түндүк Кореянын Улуттар уюмунун резолюцияларында тыюу салынган өзөктүк программасы болору күтүлүп жатат.

Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер Ак үйдөгү басма сөз жыйында бул сапарда "Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан ажыратуу боюнча эл аралык чечкиндүүлүктү бекемдөөгө" көңүл буруларын белгиледи.

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын соңку ирет 15-сентябрда сынаган. Ага чейин февраль-сентябрь айларынын аралыгында кеминде 22 жолу сыноо өткөргөн. Алардын биринде континенттер аралык баллистикалык ракета сыналганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG