Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:30

Канада 30 орусиялык жаранга санкция киргизди


Сергей Магнитскийдин сүрөтү тартылган төш белгилер.

Канада бийликтери Орусиянын 30 жаранына каршы экономикалык санкцияларды киргизди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө чектөөлөр Сергей Магнитский мыйзамынын канадалык версиясына ылайык киргизилди.

Тизмеде Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жана бул комитеттин мурдагы жетекчиси Алексей Аничин да бар. Ошондой эле тизмеге судья Сергей Подопригоров да киргизилди.

"Кара тизмеге" түшкөндөрдүн Канаданын аймагындагы банк эсептери камакка алынат. Аларга бул мамлекеттен башпаанек берүүгө да тыюу салынат. Жалпысынан тизмеде 52 киши бар. Ага Венесуэланын жана Түштүк Судандын жарандары да киргизилген.

"Магнитский акты" АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Мыйзам Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитскийдин ысымынан аталган. Юрист Орусиянын бюджетиндеги ири коррупциялык схемаларды ачкан. Орус бийликтери аны салык төлөөдөн качкан деген айып менен камакка алган. Магнитский Москва СИЗОсунда 2009-жылы каза тапкан.

XS
SM
MD
LG