Президенттикке талапкер болуп утулуп калган, парламент депутаты Өмүрбек Бабановдун кайда экени азырынча айтыла элек. Бабановдун жардамчысы Нурлан Абдалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, акыркы кабарларда депутаттын Таласта эс алып жүргөнү маалымдалган:
- Мен билгенден Таласта болчу. Акыркы маалымат ошондой болчу, Таласка барып эс алып атат деген.
Башкы прокуратура бүгүн Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга кылмыш иши козголуп, УКМКга өткөрүлүп берилгенин жарыялады.
Аталган органдан билдиришкендей, депутат Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча айыпталууда.
Маалыматка караганда, комплекстүү филологиялык-саясий экспертиза Өмүрбек Бабановдун ачык билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбөө жана кулатууга багытталганы аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын бүтүмү депутаттын айткандары тууралуу интернетте жарыяланган маалыматтарда монтаж табылган эмес. Бабановдон башка дагы кайсы адамдарга иш козголгону азырынча белгисиз.
Депутат жана "Республика" партиясы бул маалыматка комментарий бере элек. Шайлоо өткөндөн беш-алты күндөн кийин Бабановдун Кыргызстанда кандайдыр бир иш-чараларга катышканы жарыялана элек. Анын парламенттин акыркы жыйындарына катышканы да байкалган жок. Интернетте анын чет мамлекетке чыгып кеткени тууралуу кептер тараган. (NT)