Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:57

Инаугурацияны уюштуруу комитети жыйынга чогулду


Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду кабыл алган учуру. 3-ноябрь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду кабыл алган учуру. 3-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-ноябрда биринчи жыйынын өткөрдү. Анда ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы жана чакырылчу коноктордун тизмеси талкууланды. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрга белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча он алты адамдан турган уюштуруу комитети түзүлүп, аны президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектеген.

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек. (NT)

XS
SM
MD
LG