Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Атамбаев менен Исаков чек ара маселесин талкуулады


Сапар Исаков жана Алмазбек Атамбаев. 4-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
Сапар Исаков жана Алмазбек Атамбаев. 4-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Кабарга караганда, жолугушууда Казакстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги абалдан жабыркаган ишкерлерге, оор жүк ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар ортого салынды. Ошондой эле президентке элдин жана экономика, социалдык тармактардын кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, негизги энергетикалык объектилерде үзгүлтүксүз ишти камсыздоо үчүн ремонт иштери тууралуу маалымат берилди.

Атамбаев көмүр баасына байланышкан маселеге көңүл буруп, аны жөнгө салууну табыштады. Калкка электр энергиясын жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн билдиришинче, Бишкек жылуулук борбору мэриянын чечими менен 17-октябрдан тартып жылуулук бере баштаган.

Буга чейин кыргыз-казак мамилесинин солгундашынан улам Казакстандан келчү көмүр кечеңдеп жатканы айтылган. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаевдин маалыматы боюнча, бул айда Казакстандан келишимде көрсөтүлгөндөн 30 миң тоннага аз көмүр келген. Бишкек жылуулук борборуна жылына миллион тонна көмүр керектелет. Анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 450 миң тоннасы Казакстандан алынат.

Казак көмүрүнүн келбей калышы менен баалар 10-12 пайызга чейин өсүп кеткен. 10-октябрдан бери Казакстан Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөтүп, оор жүк ташыган 400дөн ашуун машине 10 чакырымдан ашык аралыкта узун кезек күтүп турат. Чек ара кызматы билдиргендей, казак тарап бир күндө 100дөн ашык оор жүк ташыган автоунаа өткөрүүдө. Мурун Астана күн сайын 400дөн ашык машине өткөрүп келген. (NT)

Парламент көмүр кризисин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

XS
SM
MD
LG