Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстандык футболчулар Бахрейн командасын жеңди


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Азия чемпиондугунун тандоо беттештеринин 3-турунда бахрейндик атаандаштарын утуп алды. Тандоо оюндары ушул күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Бүгүнкү беттеште оюн 2:1 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады. Кыргызстан тарапка тиешелүү голду Темирболот Тапаев (29-мүнөт, пенальти) жана Эржан Нурбеков (55-мүнөт) киргизди. Бахрейндиктер 92-мүнөттө өз эсептерине гол жазышты.

2018-жылдагы Азия чемпионатына тандоо оюндар 30-октябрда башталган. Азиянын 44 командасы 10 тайпага бөлүнүп, финалга бериле турган 15 жолдомо үчүн ат салышып жатат. Оюндар 8-ноябрга чейин уланат. Кыргызстан А тайпасында Непал, Оман, Бириккен Араб Эмирлиги жана Бахрейн командасы менен беттешүүдө.

Кыргызстандын футболчулары 1-турда непалдыктарды утуп (2:0), 2-турда омандыктарга жеңилип калган (0:3). Учурда Непал менен Бириккен Араб Эмирлигинин командалары таймашып жатат.

6-ноябрда Бириккен Араб Эмирлиги менен Кыргызстандын командасы ойнойт. Оюн саат 12:00дө башталат. Мелдештерди КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG