Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

6-ноябрдын аба ырайы


5-7-ноябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте 6-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 10…12 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG