Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

АКШ: Техастагы чиркөөдө белгисиз адамдын огунан бир нече киши набыт болду


АКШнын Техас штатындагы чиркөөдө белгисиз адам ок чыгарып, андан бир нече адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда. ABC-Ньюз каналы кеминде 20 киши окко учканын, 30дай адам жаракат алганын билдирди.

Американын башка маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны 27 кишиге чейин жетиши мүмкүн деп аты аталбаган расмийлерге таянып жазып чыгышты.

"Франс-пресс" агенттиги билдиргендей, атышуу 5-ноябрда Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 50 чакырым алыстыктагы Сандерленд Спрингс аймагындагы баптисттердин чиркөөсүндө болгон.

CBS News жана CNN каналдары кол салган адам өлтүрүлгөнүн кабарлашты.

Президент Трамп Твиттердеги барагына: "Кудай Техастагы Сандерленд Спрингстин эли менен болсун. ФБР жана тартип коргоо органдары окуя болгон жерде. Мен кырдаалга Жапониядан көз салып жатам",-деп жазды.

Трамп 12 күндүк иш сапары менен Азияда жүрөт.

Өткөн аптада Нью-Йоркто чакан жүк ташуучу унаа көчөдөгү адамдарды тебелетип кетип, андан 8 киши каза тапкан. Бул кылмышка шектелип 29 жаштагы өзбекстандык Сайфулло Саипов кармалган.

XS
SM
MD
LG