Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:34

Депутат Салянованын бир тууган инисин атып кетишти


Улан Саляновдун Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйү, 6.11.2017

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишкенин "Азаттык" радиосуна депутаттын мурдагы адвокаты Улан Жумаков ырастады.

Анын айтымында 6-ноябрда 02:00лор чамасында Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен. Кол салуудан 42 жаштагы Улан Салянов каза тапкан.

Анын уулу 17 жаштагы Абай Салянов аман-эсен табылганын адвокат Tвиттер баракчасына 1 сааттан кийин жазды.

Кол салуунун чоо-жайын Улан Жумаков окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысына айтып берди.

"Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчыларынын айтымында, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы Улан Саляновдун үйүндө Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат. Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө берип жатышат. Милиция окуя болгон жерди видеого, сүрөткө тартууга уруксат берген жок.

Туугандарынын айтымында, окуя түнкү бир жарымдарда болгон. Алгач беткапчан үч-төрт киши кирип келишип, акча талап кылышкан. Үйдүн кожоюну Улан Салянов алар менен кармаша кеткенде ок атылган. Ошол учурда 17 жаштагы уулу Абай Салянов үйдөн качып кеткен. Атайлап уюштурулган кол салуубу же үйдү тоноо максатында жасалганбы азырынча белгисиз.

Милиция эч кандай маалымат бере элек.

Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, экс-башкы прокурор. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдиришип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет.

XS
SM
MD
LG