Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Бүгүн Бишкекте "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы ачылат


"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл он биринчи ирет уюштурулууда.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл он биринчи ирет уюштурулууда.

Адам укугуна арналган даректүү тасмалар боюнча кинофестивал 6-ноябрда башталат. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунан "Азаттык" радиосуна маалымдашты.

Фестивалга 40тан ашуун тасма келип түшкөн, алардын ичинен 17 тасма тандалып алынган. 20-ноябрга чейин созула турган фестиваль быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураандын алдында өтөт. Анда жылдагыдан өзгөчөлөнүп, адам укугу жаатындагы даректүү тасма тартуу боюнча тармактагы белгилүү режиссерлор тажрыйбасы менен бөлүшөт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл он биринчи ирет уюштурулууда. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат. "Азаттык" радиосунун журналисттери даярдаган бир нече фильм бул фестивалга катышып, байге алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG