Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан 10 киши набыт болду


Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.

Кырсык 6-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында, Таш-Көмүр шаарынын тушунда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Honda Stepwgn автоунаасы менен газ ташып бараткан «МАН» автоунаасынын кагылышуусунан он киши набыт болду. Арасында алты айлык наристе бар. Сегиз адам ошол жерден жан берген, экөө ооруканадан каза тапты.

Өлгөндөрдүн сөөктөрү Таш-Көмүр шаарындагы өлүкканага жеткирилген.

Бишкек-Ош жолунда автокырсык көп катталат. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү мамлекеттик кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, буга негизинен айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, көбүнчө ылдамдыкты ашыра айдоосу себеп болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG