Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Улан Саляновдун үйү
Улан Саляновдун үйү

Белгисиз адамдардын огунан каза тапкан Улан Саляновдун өлүмү боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аламүдүн районунун тергөө бөлүмү соттук-медициналык экспертизаларды дайындап, ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кол салуу кандай максатта болгону тууралуу азырынча маалымат жок.

Окуя 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда болгон. 42 жаштагы Улан Салянов мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Окуяга күбө болгон маркумдун жакындарынын айтымында, Саляновдун үйүнө беткапчан 3-4 куралдуу адам кирип келген. Алар алгач акча талап кылышкан, үй ээси кармаша кеткенде ок атылган.

Ок Саляновдун жүрөгүнө тийип, окуя болгон жерде жан берген. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.(UEz)

XS
SM
MD
LG