Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:42

Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Өмүрбек Бабанов учурда чет жакта дарыланууда.

- Өмүрбек Бабанов учурда чет өлкөдө дарыланып жатат. Кайсы өлкөдө, билбейт экенмин. Кыргызстанга дарылоо курсу бүткөдөн кийин келет. Келе жаткан аптада же аркы аптада келет деп так айта албайм, - деди Жээнчороев.

Буга чейин Бабановдун кеңешчиси Кубат Болотканов анын Орусияда дарыланып жатканын тастыктаган.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго анын 28-сентябрда Ош шаарынын Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунда сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш иш козгогон. Иш Кылмыш кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча козголуп, Улуттук коопсуздук комитетине тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Бабанов бул кылмыш иш ойдон чыгарылганын айтып, өзүнүн актыгын билдирип келүүдө. Анын айтымында, Он-Адырдагы тасманы каршылаштары атайын бурмалап монтаждап тараткан.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековдон жеңилип калган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG