Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Техаста чиркөөгө кол салган адамдын тек-жайы аныкталды


Сандерленд Спрингстеги баптисттердин чиркөөсү
Сандерленд Спрингстеги баптисттердин чиркөөсү

АКШнын бир катар медиа каражаттары жекшембиде Техастагы чиркөөдө ок чыгарган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал 26 жаштагы Дэвин Патрик Келли экенин кабарлашты. Сан-Антонио шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 50 чакырым алыстыктагы Сандерленд Спрингс аймагындагы кол салуудан кеминде 26 киши мерт болду.

"Ассошиейтед пресс" агенттиги шектүүнү Сан-Антонионун тургуну деп мүнөздөп, анын террорчул топторго байланышы жок экенин күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып кабарлады. Ал жекшемби күнкү сыйынуу маалында Сандерленд Спрингстеги баптисттердин чиркөөсүнө кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Полициянын маалыматы боюнча, ал унаасына түшүп, качып кетүүгө үлгүргөн. Көп өтпөй талкаланган унаанын ичинен Келлинин сөөгү табылган.

Техастын губернатору Грег Аббот бул кол салууну штаттын тарыхындагы ок атуу менен коштолгон кандуу окуя деп атады.

XS
SM
MD
LG