7-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10;
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5;
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3 …5°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.