Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:05

Түрк президенти Стамбулда опера имаратын куруу боюнча талаштуу долбоорду ишке киргизди. Режеп Тайып Эрдоган жаңы имарат шаардын символуна айланарын, Таксим аянтына жаңылык алып келерин 6-ноябрда айтты.

2013-жылы дал ушул Таксим аянтында ал учурдагы премьер-министр Эрдогандын бийлигине каршы массалык демонстрациялар өткөн. 2019-жылы ачыла турган 2500 орундуу опера имараты Ататүрк маданий борборунун жанында курулат.

Бул борбор 1969-жылы ачылып, көп өтпөй өрттөн улам жабылып калган. 1978-жылы кайра ишке киргизилип, 2008-жылы реставрация үчүн жабылган боюнча оңдоп-түзө иштери жасалбай келген.

Сынчыл көз караштагылар жаңы опера имараты Түрк республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн атын алып жүргөн борборду көз жаздымда калтырат дешет.

XS
SM
MD
LG