Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Текебаевдин адвокатынын үйүнөн тергөө кагаздарын уурдап кетишти


Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө 7-ноябрь күнү саат 04:00 ченде белгисиз бирөөлөр кирип, Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кагаздарынын бир нускасын алып кетишкен.

Алар адвокаттын үйүнө ашкананын терезесин бузуп кирген. Бул тууралуу Текебаевдин дагы бир жактоочусу Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасына жазып, тасма жайгаштырды. Тасмада Канат Хасанов таңга жуук үйүнө кирген белгисиз адамдар белекке келген сувенир тапанча менен тергөө кагаздарын алып кеткенин билдирген:

- Менде белекке берилген тапанча бар эле. Ал жок. Андан башка Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишинин бир нускасы менде болчу, ошол жок. Башка баалуу буюм деле жок эле.

Канат Хасановдун сөзү боюнча, окуя болгондон кийин милиция чакырылып, алар иликтөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүшүүдө.

Адвокат Канат Хасанов "Мегаком" чатагы боюнча сот ишинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жактаган.

6-ноябрь күнү парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун үйүнө белгисиз бирөөлөр куралчан кирип, өлтүрүп кетишкен. "Ата Мекен" партиясы бул окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG