Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын улук лейтенанты Б.А. пара менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, улук лейтенант Казакстандын эки жаранынан “чек араны мыйзамсыз өттүңөр” деген шылтоо менен 8 миң сом акча алган жана дагы 20 миң сом пара талап кылган. ИИМдин ички иликтөө бөлүмү казак жарандарынын арызынын негизинде лейтенантты 6-ноябрда 14 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Башкы прокуратура бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул иш тергөө үчүн УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG