Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Милиция Хасановдун үйүнө ууру киргенин ырастады


Канатбек Хасанов Текебаевдин сотунда.
Канатбек Хасанов Текебаевдин сотунда.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө ууру киргенин Бишкек шаардык милициясы ырастады. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Мира Абдылдаеванын айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек, учурда Биринчи Май райондук милициясы текшерүү ишин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү саат 04:30дар чамасында белгисиз бирөөлөр Хасановдун үйүнө кирип, Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кагаздарынын көчүрмөсүн жана сувенир тапанчаны уурдап кетишкен.

Адвокат Канат Хасанов "Мегаком" чатагы боюнча сот ишинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жактаган.

6-ноябрь күнү парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун үйүнө белгисиз бирөөлөр куралчан кирип, өлтүрүп кетишкен. "Ата Мекен" партиясы бул окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар деп билдирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG