Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:53

Пакистандын экс премьер-министри Нафаз Шариф сотко барды


Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф.
Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф.

Пакистандын коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министри Наваз Шариф кызы жана күйөө баласы менен биргеликте Исламбаддагы сотко 7-ноябрда келди.

Үчөөнө тең чет өлкөлөрдө катылган жашыруун мүлктөрү боюнча айып тагылган.

2016-жылы ачыкка чыккан Панама досьесинде Шариф үй-бүлөсү менен офшордогу компаниялар аркылуу Лондондо кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алышканы айтылган.

7-ноябрда сотто сүйлөгөн сөзүндө үй-бүлө мүчөлөрү судья Мохаммад Баширден үч ишти бир ишке бириктирүүнү суранышты.

Шариф өзү Лондондо аялын дарылатып жүрүп 3-ноябрда Исламабадга кайткан. Ал ага тагылган айыптардын баарын четке кагууда.

67 жаштагы Наваз Шариф ушул жылдын июль айында чет жактагы үй-мүлктөрүн жана активдерин жашырганы үчүн айыпталып Жогорку Соттун чечими менен кызматтан алынган.

Буга чейин эки жолу өкмөт башчы болуп, эки жолу тең бийликтен кулатылган Шарифтин тарапташтары айыптоолордун саясий мүдөөсү бардыгын айтып, мунун артында Пакистан армиясы турушу мүмкүндүгүн боолгошууда.

XS
SM
MD
LG