Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Кабулдагы телеканалга жасалган чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Телеканалды бошотуу операциясы маалында тартылган сүрөт.
Телеканалды бошотуу операциясы маалында тартылган сүрөт.

7-ноябрда Ооганстандын башкалаасы Кабулдагы "Шамшад ТВ" телеканалына жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму өз мойнуна алды.

Жергиликтүү расмийлер имарат согушкерлерден тазаланып, телеканалдын көрсөтүүлөрү жанданганын билдиришти. Чабуулда канча адам мерт болгону ырастала элек. Айрым күбөлөрдүн айтымында, курмандыктардын саны бешке жетиши мүмкүн.

Ар кандай кабарларга ылайык, үч согушкер өлкөдөгү ири телеканалдын имаратына күзөтчүнү өлтүрүп кирип барышкан.

Былтыр "Талибан" кыймылынын жанкечтиси "Толо" телеканалынын имаратында уюштурган жардыруудан каналдын жети кызматкери мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG