Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:12

Казакстанда мурдагы экономика министринин соту башталды


Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев.

Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаев баш болгон 22 адамдын соту 7-ноябрда башталды. Алардын бардыгына пара алган жана мамлекетке чыгым алып келген деген айып тагылган.

37 жаштагы Бишимбаев ушул жылдын башында Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Анткен менен аны менен кошо айыпталып жаткандардын айрымдары өз күнөөлөрүн мойнуна алышып, прокурорлор менен кызматташууга макул болушту.

Куандык Бишимбаев Экономика министрлигинин башчылыгына 2016-жылдын 6-майында келип, жети ай жетектеген.

Казакстанда соңку жылдары бир нече жогорку даражадагы аткаминерлер коррупцияга айыпталып эркинен ажыратылышкан. Ушул жылдын январь айында Мамлекеттик пенсиялык фонддун башчысы Руслан Эрденаев жана аталган фонддун каржы бөлүм башчысы Муса Бахтов да кесилген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG