Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:58

Трамптын мурдагы кеңешчиси Кремлдин өкүлү менен жолуккан


АКШ президенти Доналд Трамптын 2016-жылы өткөн президенттик шайлоо кампаниясынын маалындагы кеңешчиси Картер Пейж.

2016-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында АКШ президенти Доналд Трамптын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Картер Пейж Орусиядагы жогорку даражалуу аткаминер Аркадий Дворкович менен жолукканын моюнга алды.

6-ноябрда жарыяланган стенограммага ылайык, Картер Пейж Орусиянын премьер-министринин орун басары менен 2016-жылдын июлунда жолукканын айткан.

- Бул абдан кыска жолугушуу болгон. Мен так сөздөрдү эстей албайм, ал жакта болгону учурашуу жана бири-бирибизге каалоо-тилектер айтылган, - деди Пейж.

Москвадагы Merrill Lynch банкында иштеген Пейж Дворковичти 2016-жылдын соңунда дагы бир ирет көргөнүн айтты.

Пейж Орусиянын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында көрсөтмө берди. Орусия менен Трамп мындай айыптоолордун бардыгын четке кагып келет. Картер Пейж Трамптын шайлоо штабынан президенттик шайлоого чейин эле чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG