Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:53

8-ноябрь - Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү


"Ата Бейит" эскерүү жайы.

Жетинин айынын (ноябрдын) 8и - Кыргызстанда сталиндик репрессия курмандыктарын эскерүү күнү.

Буга байланыштуу бүгүн жарандык активисттер "Ата-Бейитке" барып, зыярат кылып келишмекчи. Активист Адил Турдукуловдун "Азаттык" үналгысына маалымдашынча, анда сталиндик репрессия маалында саясий көз карашы үчүн куугунтукталып, жазыксыз атылган атуулдар эскерилип, арбактарына куран окутулат. Ошол эле учурда азыр саясий негиз менен камакта отургандар да эске алынат:

- 1937-38-жылдардагы репрессия менен азыркы саясий камоолордун окшош жагы бар. Ошол мезгилде да кыргыздын тыңчыкмалары совет бийлигинин куугунтугуна алынып, жалган жалаа менен камалып, өлтүрүлгөн. Азыр өлтүрүүлөр болбосо да, саясатчыларыбыз жалган жалаа менен камакта отурушат.

1938-жылы ноябрдын башында совет бийлиги тарабынан "улутчул, эл душманы" деген айып менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер Кыргызстан эгемендик алаарда, 1991-жылы жайында аныкталган. Сөөктөр 1991-жылы 30-августта кайрадан жерге берилип, бул көрүстөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушуна ылайык “Ата-Бейит” деп аталган.

Бүгүн Бишкектеги "Парк-отел" конок үйүндө 80 жыл мурдагы сталиндик репрессиялар тарыхына арналган эл аралык илимий жыйын да өткөрүлүүдө. Жыйындын катышуучулары да "Ата Бейитке" зыярат кылмакчы.

(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG