Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Мөңгүнү сактап калууга арналган акция өтөт


Кумтөр кениндеги муздун бузулушу
Кумтөр кениндеги муздун бузулушу

Уюштуруучулардын айтуусунда, митинг 8-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн алдында өтөт. Анда жарандык активисттер президент Алмазбек Атамбаевден жана парламенттен мөңгүлөр боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун токтотууну өтүнүшмөкчү.

Жогорку Кеңештин профилдик комитети “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кароого жиберген. Мыйзам долбоорунун демилгечиси -кыргыз өкмөтү бул кодексти кабыл алуу өлкөдөгү башка мөңгүлөрдү сактоого өбөлгө болот деген ишенимде. Бирок коомчулук бул мыйзам Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдүн эришин мыйзамдаштырат деп сынга алууда.

Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Бирок, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

Мөңгүлөрдүн эрип бараткан маселесин президент Алмазбек Атамбаев эки жыл мурун Париждеги климатка арналган саммитте, быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG