8-ноябрдан 5-декабрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында ишкерлер жана өндүрүшчүлөр үчүн "Экспорт кербени-2" деп аталган маалымат өнөктүгү жүрөт.
Анын жүрүшүндө өндүрүшчүлөргө товарды таңгактоо жана белги коюу, кошумча нарк салыгы боюнча ишкерлерге семинарлар өткөрүлөт.
Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Алымбек Орозбековдун журналисттерге билдиргени боюнча, иш-чара 8-ноябрда Бишкекте Жапониядан келген өнөктөштөр менен чогуу ишкерлерге окуп-үйрөтүүдөн башталат:
- Ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө брэндинг, коммерциялык сунуштарды жазуу жана башка өлкөлөрдүн базарларына чыгуу жолдору боюнча маалымат берилет.
"Экспорт кербени-2" иш-чарасы ПРООН жана ЕБРРдин колдоосу менен уюштурулууда. Өнөктүк ишкерлерге экспорттон пайда көрүү шарттарын түшүндүрүү максатын көздөйт.
Биринчи "Экспорт кербени" быйыл 21-февралдан 14-мартка чейин өткөн.(ZKo)