Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Текебаевдин адвокатынын арызы боюнча кылмыш иш козголо элек


Канат Хасанов
Канат Хасанов

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун арызы боюнча кылмыш иш козголо элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, материалдар азыр каралып жатат. Арыз боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси бүгүн чечилет.

Канат Хасанов өз үйүнө 7-ноябрда таңга жуук белгисиз адамдар терезесин бузуп кирип, Текебаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө кагаздарынын бир нускасын алып кеткенин билдирип чыккан.

Окуядан кийин ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Милиция иштин чоо-жайын текшерүүгө киришкен.

Канат Хасанов "Мегаком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Өмүрбек Текебаевдин укугун коргогон адвокаттардын бири. (NT)

XS
SM
MD
LG