Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Адвокат: Текебаевге тиешелүү кагаздар уурдалды


Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

Камактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун үйүнө 7-ноябрь күнү таңга жуук белгисиз адамдар кирип, Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө кагаздарынын бир нускасын алып кеткен. Учурда бул окуяны милиция териштирип жатат.

Адвокат Канат Хасановдун айтымында, белгисиз адамдар үйүнө ашкананын терезесин бузуп кирген:

- Болжол менен саат эртең мененки төрттөн өткөн болчу. Биз экинчи кабатта уктап жатканбыз, бир маалда аялымдын кыйкырганын уктум. Бирөөлөр качып баратканын эшиттим. Алар белекке келген сувенир тапанчаны жана Өмүрбек Чиркешовичке байланыштуу тергөө кагаздарынын бир нускасын алып кетишиптир. Баалуу буюмдар деле жок болчу. Биздин биринчи кабатта дайыма жарык күйүп турат, ага карабай киришкен.

Канат Хасанов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон сот ишинде анын жактоочусу болгон. Хасанов бул окуядан кийин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтууда:

- Аялым катуу коркуп калды, азыр ооруканада жүрөм. Эми сак болуу үчүн бала-чакам менен терезеге темир тор орнотуп, камера койдуруп жатам.

Канат Хасанов Текебаевдин сотунда.
Канат Хасанов Текебаевдин сотунда.

Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун үйүнө белгисиз кишилер киргенин Бишкек шаардык милициясы ырастады. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Мира Абдылдаеванын айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек, учурда Биринчи Май райондук милициясы текшерүү ишин жүргүзүп жатат:

- Арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, таңкы саат 4:30-35тер чамасында терезе аркылуу белгисиз адамдар кирип, айрым документтердин көчүрмөлөрүн жана жеке буюмдарын алып кеткен. Азыр тактоо иштери жүрүп жатат.

Окшош окуялар

6-ноябрь күнү парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновду үйүнө кирген белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. "Ата Мекен" партиясы бул окуяны депутат Аида Салянованын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, саясий негизи бар деп билдирген.

Айрым оппозициялык маанайдагы жарандык активисттер, саясатчылар мына ушул жана 7-ноябрдагы Текебаевдин жактоочусунун үйүнө кирген окуяны дагы саясат менен байланыштурууда. Алардын мындай пикирлери социалдык тармактарда талкуу жаратты. Укук коргоочу Динара Ошурахунова ар кандай жоромолдордун тарап жатышынын себептерин белгиледи:

- Укук коргоо органдары бардык версияны караштырышы керек. Ошол эле Текебаевдин жактоочусунун үйүнө кирген окуяда дагы бардык версияны иликтеши зарыл. Эч нерсе баштала электе эле бул жерде саясат жок дегени абдан чоң шек жаратат. Анан күч органдары маалыматтарды ачык таратып турса, эч кандай шек, ушак жаралбайт.

Саясатчы Равшан Жээнбеков күч органдарына айтылган сындарга кошулганы менен, акыркы окуялар терең анализди талап кыларын белгиледи:

- Саясатта өтө жакын адамына кол салат. Балдарына, өзүнө кол салганды саясат десек болот. Анан саясий буюртмага төрт адам эмес бир адам эле келет. Бул каракчылардын иши, анткени Кыргызстанда жаңы конуштарда уурдап-тоноо абдан көбөйүп кетти. Өзүм деле оппозициялык маанайдагы саясатчымын, биз анализдегенди билишибиз керек. Бардык нерсеге жөн эле бийликти, кайсы бир адамды күнөөлөгөн туура эмес.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Ички иштер министрлиги окуя болгон күнү эле Салянованын бир тууган инисинин өлүмүндө саясий себеп жок деп билдирүү тараткан. Министрликтин маалыматы боюнча, окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Улан Саляновго кол салуунун бети ачылат. Аны өлтүргөндөрдү табабыз” деп убада берди.

Учурда оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын лидерине жана партиянын бир нече мүчөсүнө ар кандай беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, айрымдары узак мөөнөткө соттолду. Партия бийликтин саясатын кескин сындап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG