Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:06

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимине Бишкек шаардык сотунун өкүмү негиз болду. БШКнын айрым мүчөлөрү оппозициячыл депутаттын мандатынын алынышын мыйзамсыз деп таап, каршы чыгышты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы 1-ноябрдагы жыйынында кабыл алды.

Буга Бишкек шаардык сотунун саясатчыны коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан чечими негиз болду.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, депутаттын ыйгарым укуктары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде токтотулду:

- Конституцияда депутат ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда бир нече жагдайда ажыратылат. Алардын бири соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши. Текебаевге карата Биринчи Май райондук сотунун айыптоо өкүмүн Бишкек шаардык соту 2-октябрда күчүндө калтырган. Ал чечим жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирди. Конституцияга ылайык, БШК мыйзамда көрсөтүлгөн кандайдыр бир себеп каралса, 30 күнгө чейин депутаттын ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу боюнча чечим кабыл алышы керек эле.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Текебаевди мандатынан ажыратуу тууралуу токтомго БШКнын 12 мүчөсүнөн экөө: Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова каршы добуш берген.

Атыр Абдрахматованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, БШК Текебаевдин мандаты тууралуу маселени 20-ноябрдан кийин кабыл алышы керек болчу:

- БШК бүгүн шашкалактап Текебаевди мандатынан ажыратып койду, 20-ноябрда Жогорку Сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдөрүнүн ишке ашуусун токтотуп койсо эмне болот? Экинчи маселе - мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылса, анда кезектеги кийинки адамга мандат беришибиз керек эле.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай пикирди четке какканы менен депутаттык мандатты тизмедеги кийинки талапкерге берүү создугуп калышы мүмкүн экенин билдирди.

Текебаевдин ордуна "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкулов депутаттык мандат алышы керек болчу.

Ошол эле кезде Өмүрбек Текебаевдин мандатынан ажыратылышынын саясий мааниси кандай деген суроо коюлуп жатат. Анын партиялашы, башкы "атамекенчинин" ордуна парламенттеги фракциянын лидерлигине шайланган Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бийликтин кадамы оппозицияны алсыратууга багытталган:

- Мандаттан ажыратуу Текебаевге карата жалпы куугунтуктун бир гана бөлүгү болуп калды. Муну менен парламентаризм, демократия жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө салым кошкон адамга сокку катары бааласак болот.

Өмүрбек Текебаев эгемен Кыргызстандын саясатындагы эң көрүнүктүү фигуралардын бири. Ал 1990-жылдардан тарта беш чакырылыштын депутаты болуп, парламенттеги салмактуу саясатчы катары белгилүү.

Саясатчынын депутаттык мандаттан ажырашы Жогорку Кеңештин ишмердигине таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эксперттер белгилешет.

Текебаев жетектеген оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясына абдан чоң сокку болду. Текебаев парламенттеги талкууларда маанилүү роль ойночу.
Алмазбек Акматалиев

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, Текебаевдин мандаттан ажыратылышын эки көз караштан кароого болот:

- Укуктук жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда көрсөтүлгөн талапты аткарып жатат. Бул жагынан эч кандай мыйзам бузуу жок. Экинчи жагынан Текебаев жетектеген оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясына абдан чоң сокку болду. Текебаев парламенттеги талкууларда маанилүү роль ойночу. Ал жок супсак болуп калгандай.

Текебаевдин кетиши парламенттин ишине таасирин тийгизерин айткан Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бул окуя башка саясатчыларга да сабак болушу керек деген пикирде:

- Көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, эл оозуна алынган саясатчынын ара-чолодо кылмыш иши менен мандатынан ажырап калышы өкүнүчтүү. Бирок соттун өкүмүнө баш ийүү керек. Бул нерсе кооз сүйлөгөн адамдын иши да кооз болушу керектигин көргөздү. Бирок ал тескери чыгып калганы өкүнүчтүү. Муну бир жагынан турмуш, тагдыр катары карасак болот.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орусиялык Маевский аттуу жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Адвокаттардын көзөмөл арызы Жогорку Сотто 20-ноябрда каралары күтүлүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG