Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:34

Мародерчулукка шектелген экс-депутат Райкан Төлөгөновго сот өкүмү чыкты.

27-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөновду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарганын уулу Иса Төлөгөнов "Азаттык" радиосуна кабарлады.

- Сот саат сегизге чейин уланды. Чечимди окуп жатканда жактоочунун жумушу чыгып кетип калган. Жалпы 15 жыл деди, анан жаш курагына, кылмыш иштин мөөнөтүнө жараша дагы үч-төрт мунапыс берилгенин айтты. СИЗОдо отурган күндөрүн дагы эсептеди.

Иса Төлөгөнов прокурор 15 жыл эркинен ажыратууну соттон суранганын жана атасы күнөөсүн моюнуна албаганын айтты. Ошондой эле райондук соттун чечимине даттанарын, Шаардык сотко доо арыз даярдалып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, 65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган.

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

"Ата Мекен" фракциясынын учурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов Төлөгөновго чыгарылган соттун чечимин “саясий куугунтук” катары баалады. Шыкмаматовдун айтымында, апрель окуясында "атамекенчилер" эч кандай талап-тоноого катышкан эмес.

- Бул саясий мотив менен жеке "Ата Мекен" партиясына багытталган чабуул. Өмүрбек Текебаевге, Райкан Төлөгөновго, Аида Саляновага, мага кылмыш ишин козгошту. Райкан Төлөгөнов мародерчулук кылды деген акылга сыйбаган иш. Адамга күнөө койгондо кынтыксыз далил иш менен соттойт. Төлөгөновдун болсо ишинде далил жок.

Ал эми КСДПнын экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "Ата Мекен" партиясынын айрым мүчөлөрүнүн мародерчулукка тиешеси бар деп эсептегендердин бири. Ал "атамекенчилердин" саясий буйрук деген дооматтарын “жазадан качуу” аракети деп баалады.

- Мародерчулук кылган, муну элдин баары билет. Бирок Текебаев баш болуп моюнуна албай жатышат. Менин тынчсызданганым жаш курагына, мунапыска илинип, ден соолугуна шылтоолоп кыскартпаса болду. Биздин саясатчылар камалганда эле ооруп калып жатпайбы. Бийлик кылып жатат деген эч кандай сөзгө сыйбайт.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча алгачкы депутаттык комиссия 2012-жылдагы мародёрчулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын "атамекенчи" төрт депутатты айыптаган көрсөтмөсүнүн негизинде түзүлгөн эле.

Быйыл апрель айында Жогорку Кеңеште дагы депутаттык комиссия түзүлүп, апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер боюнча иликтөө жүргүзгөн. Жаңы комиссия 2012-2013-жылдары мародерчулук боюнча тергөө ишин жаап коюу аракети болгон деген тыянак чыгарган.

Учурда уулу Муса Төлөгөнов да ушундай эле айып менен №47 жатак абакта отурат. Буга мародёрчулук боюнча соттолуп, абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөсү себеп болгон. Төлөгөновдор коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атап келишет.

Мародерчулук ишин иликтөө өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрадан жанданган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG