Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:03

"Азаттык" үналгысынын YouTube каналы "Күмүш баскычка" ээ болду


YouTube порталынын "Күмүш баскычы" жана куттуктоо каты. 08.11.2017

"Азаттык" үналгысынын расмий YouTube каналына жазылгандардын саны 100 миң колдонуучудан ашканына байланыштуу бул видео порталдын "Күмүш баскычы" менен сыйланды.

YouTube видео порталынын сыйлыгы төмөнкү кат менен коштолгон:

"Сиздер бул сыйлыкка эбегейсиз эмгек менен жетиштиңиздер. Биз муну жогору баалап, сиздерди урматтообуздун чакан символу болгон "Күмүш баскыч" сыйлыгын тапшырууну туура көрдүк. Бул сиздер өз аудиторияңызды таап, жараткан видеолоруңуз каналыңыздарга жазылган ар бир колдонуучуга жолун тапты дегенди билдирет".

Бүгүнкү күндө "Азаттыктын" YouTube каналына жазылгандардын саны 151 миңге жетип отурат.

"Азаттык" Кыргызстандагы маалымат каражаттардын ичинде мындай сыйлык алган алгачкы канал болду. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG