Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Украина Саакашвили өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн тастыктады


Михаил Саакашвили Киевдеги митингде сүйлөөдө. 7-ноябрь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвили Киевдеги митингде сүйлөөдө. 7-ноябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили өзү билдирди. Саакашвилинин Фейсбукка жазганына караганда, ал Украинанын Миграция кызматынан өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн ырастаган документтерди алды. Бирок ал буга канааттанбаганын жана украин “жарандыгын калыбына келтирүү боюнча күрөштү” сот аркылуу жүргүзөрүн билдирди.

Мурдагы грузин президенти өз мекенинин жарандыгын 2015-жылы Украинанын Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалганда жоготкон. Бирок 2016-жылы ноябрда президент Петр Порошенконун өнөктөштөрү анын реформаларына бут тосуп жатканын айтып, кызматтан чегинген эле.

Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан быйыл июнь айында ажыратып, буга ал арыз берүүдө айрым маалыматтарды жашырганын жүйө келтирген.

Паспорту жараксыз деп табылганына карабай сентябрда Украинага Польша аркылуу кирип келген Саакашвили азыр “Жаңы саясий күчтөрдүн кыймылы” деген партияга лидерлик кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG