Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:08

Талас шаардык кеңеши КСДП партиясынан депутат болуп шайланган Самидин Жоробековдун дайынын биле албай жатат. Алты айдан бери ал кеңештин ишине бир да жолу катышпаганын "Азаттык" радиосуна жергиликтүү кеңештин депутаттары билдиришти.

Кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкуловдун маалыматына караганда, Жоробеков акыркы жолу 10-майдагы кезексиз чакырылган жетинчи сессияга катышкан. "Телефон аркылуу байланыша албай жатабыз, ал Кыргызстанда эмес болушу ыктымал" деди төрага.

Негизинен ишкерлик менен алектенген Жоробеков 41жашта. Ал шаардык кеңешке биринчи жолу депутат болуп шайланган.

Облустук милициянын жетекчи орун басары Алмаз Жумабековдун “Азаттык” радиосуна айтымында, жарым жылдан бери дайыны жок болуп жаткан депутат тууралуу туугандарынан арыз же башка маалымат түшкөн эмес.

Эсенкуловдун айтымында, 2016-жылга чейин сессияга төрт жолу катышпаган жергиликтүү депутат мандатынан ажыратылчу, кийин мыйзамга өзгөртүү киргизилип, бул эреже жоюлган. Талас шаардык кеңешинде беш партиядан 31 депутат бар. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG