Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Роухани: Иранды коркутуу натыйжа бербейт


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Хасан Роуханинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Иранга карата коркутуулар эч бир натыйжа бере албайт:

- Силер Ислам республикасынын кубатын жана турумун билесиңер. АКШ жана анын өнөктөштөрү бизге каршы болгон мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялап, эч нерсеге жетише алган жок, - деди Хасан Роухани Тегеранда өкмөт жыйынында сүйлөп.

Шииттер үстөмдүк кылган Иран менен сунниттер басымдуулук кылган Сауд Арабия аймактагы бир катар, анын ичинде Сирия менен Йемендеги жаңжалдар боюнча карама-каршы тараптарда турушат.

Иран президентинин бүгүнкү сөздөрүнө чейин Сауд Арабия баштаган коалиция жана өлкөнүн ханзаадасы Мухаммед бин Салман Тегеранды хусит козголоңчуларына ракета берип жатканы үчүн айыпташып, муну “Иран режиминин тикелей аскерий агрессиясы” катары баалаган.

4-ноябрда Йеменден Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту карай багытталган баллистикалык ракетаны сауд бийликтери бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдиришкен.

Иран өз тарабынан айыптоону четке кагып, ракетанын атылышын хусит козголоңчуларынын өз алдынча аракети жана Саудия баштаган коалициянын Йемендеги “аскерий кылмыштарына” жооп чарасы деп мүнөздөгөн.

Иран колдогон хусит козголоңчулары Йемендин борбору - Сананы 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Сауд Арабия баштаган сегиз өлкө болсо 2015-жылдан бери аларга каршы аба соккуларын жасап, Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүн колдоп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG